Menu

Кыргыз-италиялык мамилелердеги жаңы барак. Италияда Кыргызстандын элчилигин ачуу жөнүндөгү чечими канааттандырылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 13-декабрь күнү Рим шаарында Италиянын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык Министри Луиджи Ди Майонун чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Италия Республикасына жумушчу сапары болду. Бул тууралуу тышкы ишмер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Италиянын Тышкы иштер министрлигинде болгон эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогдун активдешүүсүн жана өз ара кызыкчылыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташууну күчтөндүрүүгө эки жактын даярдыгын канааттануу менен белгилешти. Министрлер өздөрүнүн 2019-жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУ БАнын 74-сессиясынын аянтчасындагы эки тараптуу жолугушуусунун, ошондой эле ушул жылдын ноябрында Бишкекте өткөн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосундагы биринчи саясий консультациялардын жыйынтыктары боюнча макулдашуулардын ишке ашырылуусу жөнүндө маалымат алмашты.

Италиялык тарап Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигин ачуу жөнүндөгү кыргыз тарабынын чечимин канааттануу менен белгиледи, ошондой эле маселелердин абдан кенен чөйрөсү боюнча Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө зор кызыкдарлыгын билдирди. Атап айтканда, тараптар 2020-жылы КР менен Италиянын ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусунда биргелешкен бизнес-форум өткөрүүнү, ошондой эле Римде жана Миланда Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн презентациясын жасоону макулдашышты.

КР жарандарына Италияга виза алууну жеңилдетүү маселелери, ошондой эле Италияда жашаган КР жарандарынын абалы сүйлөшүүлөрдүн өзүнчө темасы болду. Италиялык тарап бардык мүмкүнчүлүктөрдү, ошонун ичинде, Италиянын КРдагы визалык борборун ачууну же КР жарандарынын визаны жеңилдетүү менен алуусуна түрткү болуучу башка жолдорду карап көрүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартибинин маселелеринин кенен спектрин, анын ичинде, Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча жаңы стратегиясын ишке ашырууну, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү карап чыгышты.

Жолугушуунун соңунда италиялык тарап 2020-жылы Кыргыз Республикасында өтө турган ЕБ-БА биринчи экономикалык форумуна жигердүү катышууга даярдыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: