Сыдыман деген каймана аты менен таанымал болгон блогер Элмир Сыдыманов Инстаграмдагы баракчасынан түз эфирге чыгып, анда Ош облусунун тургундарын ашата сөгүп, пас сөздөрдү айтып, аларды жаман көрөрүн билдирген.
Бул видео социалдык тармактарда желдей тарап, коомчулук аны катуу сынга алды. Буга ырчы, актер жана спортчулар реакция кылып, Сыдыманга түз жүрүүсүн, элди түштүк-түндүк кылып бөлбөөгө чакырышкан.
Түз эфирдеги видео интернетке тарап кеткенден кийин, кечээ, 4-февраль күнү Сыдыман кайрадан түз фирге чыгып, эмне үчүн пас сөздөрдү айтып, жамандаганын түшүндүргөн. Муну менен катар видео коомчулукка тез тарап кетерин, ырчылар, тамашоучулар, спортчулар, элдер ага кайрылуу жасап, насаат айтарын билбегенин айткан.
https://youtu.be/aK0oCtQIJgE
Мындан сырткары блогер өзүнүн ютуб-каналына атайын кечирим сураган видеосун жүктөгөн
Блогер мындай болуп кетерин билбегенин айтып, ал сөздөр хейтерге арналганын айткан.
“Кечирим сурайм. Менден катачылык кетти. Бул жерде атың чыкпаса жер өрттө дегендей болуп калды. Мен Ош облусунун бардык тургунун билбей туруп, алардын баарын жамандагым келбейт. Мен ал жерде оштуктарды бөлгөн жокмун. Байкасаңыздар ал жердеги сөздөрдү хейтерлерге айтып жаткам. Мага жаман жазган оштуктарга эле кайрылгам. Бирок кандай болсо дагы бардыгыңардан кечирим сурайм” – деп видео тарткан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ