Menu

Кан жолго тосмо орнотуу аксылыктарды убайымга салды

Бөлүшүү:

Кербенден кеткен жолдо

Өзбек республикасынын куралдуу күчтөрү Аксы району менен Ала-Бука районун бириктирген жолдун так ортосуна тосмолорду орнотуп, кыргыз жарандарын текшерүүдөн өткөрө баштагандан бери бир жуманын жүзү болду. Азырынча эч кандай өзгөрүү жок. КР премьер-министри Темир Сариев келип кеткенден кийин деле өзгөрүү бар экени байкалбады.

 Өзбек тарап эмнени каалайт?

Эгер Кыргызстандагы чек ара маселесине назар салсаң бүт баары Кыргыз мамлекетинин алсыздыгынан, экономикасынын начардыгынан болуп жатат. Өзбек тарап мындай жорукту биринчи жолу жасап жаткан жок. Буга чейин эң алгач Майлы-Суу шаарынын этегинде жайланышкан Кыпчак-Талаа айылына 90-жылдардын ортосунда эле  тосмо орнотушуп, кыргыз жарандарын ары-бери өткөрбөй коюшкан. Ошондо эле Кыргызстан бекем туруп, чек ара маселесине катуу киришүүгө тийиш эле. Бирок андай болбоду. Так ошондон баштап биз айланма жолдорду кура баштадык. Андан кийин Кадамжай районунун 5-6 жерине, Баткен районуна орнотушту. Кыргыз тарап бардык жерде айланма жолдорду куруу аркылуу маселе чече башташты. Натыйжада Кыргызстанга тиешелүү жолдор, көптөгөн жерлер билинбей Өзбекстанга өтүп кетти.

Өзбектердин жол тосуудагы максаты эмне?

DSC05280-minАксыдагы кан жолду тосуу аксылыктар менен алабукалыктарды дүрбөлөңгө түшүрдү. Бул жолдо жүргөн жүргүнчүлөрдүн айтуусуна караганда, алгачкы күнү паспортуңарды көргөзүп кенен-кесир өтө бересиңер деген. Экинчи күнү жаш балдарга метрика сураган. Ал эми үчүнчү күндөн баштап мындан ары чет элдик паспорт менен жүрөсүңөр деп эскертүү бере баштаган. Жергиликтүү элдин айтуусуна караганда өзбек тарап жол тосууда бир нече максаты бар. Биринчиси, Могол айылына жакын 38 гектар жерди өзүнө каратып алуу; экинчиси, Унгар тоосуна аскердик туруктуу база орнотуу; үчүнчүсү, Ала-Букадагы суу сактагычты өзүнө биротоло каратып алуу; төртүнчүсү, Аксы районунда курулуп жаткан каналга каршылык көрсөтүү болуп саналат. Чындыгында абал өтө оор. Эгер ушул бойдон кала турган болсо Ала-Бука менен Чаткал райондору өзүнчө анклав сыяктуу Кыргызстандан бөлүнүп калат. Азыр кыргыз аскерлери өзбек аскерлери турган жердин эки капталында жайланышкан. Өзбек аскерлери толук куралданып бронетехникаларды жеткиришкен. Кыргыз аскерлеринде да бир бронетехника (БТР) бар. Жоокерлер өздөрүнө окоп казып жатышат. Ал эми өзбек аскерлери жолдун оң тарабына (кыргыз чек арасына) жаандан коргологон палаткаларды орноткон. Азырынча кыргыз аскерлерине жергиликтүү калк тамак-аш жеткирип турат. Мындан ары окуя кайсы өңүттөн жүрөрү белгисиз. Бирок кыргыз жарандарынын нааразылыгы күн сайын күчөп жатат. Окуя орун алган жерге журналисттерди жолотушпайт. Сүрөткө тартып алуу да мүмкүн эмес деп өзбектерден мурда кыргыз аскерлери эскертет.

 Ат арытып баргандардын акыйлашы, акимдин журналисттерден качышы

DSC05269-minАзырынча премьер-министр Темир Сариев маселени чечебиз деп убада берип баса берген. Бирок ал жердеги окуяны коомдук мамлекетке караштуу каналдардын бири да толук көрсөткөн эмес  деп аксылыктар буга абдан нааразы болууда. Бир кезде Николай Танаев да Аксы окуясында маалымат согушунан жеңилип калыптырбыз деп моюнга алган. Азыр да абал ошондой жолдо бараткансыйт. Эгер эртең эле жол тоскон өзбек жарандары кыргыз жүргүнчүлөрүнө кысым көрсөтсө, бир нерсени шылтоолоп өткөрбөй койсо же келин-кыздар менен айтышып, чыр чыгып кетсе абалдын кандай болуп кетери белгисиз. Бирок Аксыга баргандардын баары эле саясый упай топтоону каалап ар түрдүү сөздөрдү сүйлөгөнү абалды курчутуп жибериши мүмкүн. Ал эми бийликтин кишилери убада берип аткарбаса бул дагы жаман. Азырынча оппозиция өкүлдөрүнөн Камчыбек Ташиев менен Азимбек Бекназаров барды. Ал жерде Ташиев сүйлөгөндө микрофонду өчүрүп сүйлөтпөсө, Азимбек Бекназаров менен Темир Сариев ошол жерде айтыша кеткен. Баарынан кызыгы, Аксыдан шайланган депутаттардын бири да элдин абалын сурап барышкан эмес.Андан да Аксыдагы өкмөт өкүлүн ошол жерден кармай албай койдук. Биринчи күнү кабинетинде отурганына карабастан “бир жакка кетип калган, азыр жок” деп жардамчысына айттырды. Экинчи күнү да эрте менен кабинетинде отурса да катчысы “жумушка келе элек” деп жооп берди. Акыры сыртта күтүп турсак эшиктен чыгып телефон менен сүйлөшкөн болуп парк тарапка качып жөнөдү. Бизди өкүндүргөнү өзү жетектеген райондо ошондой чырлуу окуя болуп жатса өкмөттүн позициясын, жергиликтүү абалга пикир билдирбей журналисттерден качып жүргөнү болду. Анан биз кармай албаганыбызды билип, жанын кыйнабаган аким экен деп баса бердик.

Аксылыктардын каалаганы тынчтык

Негизинен эле карапайым эл маселенин тынч жол менен чечилишин эп көрөт. Бирок алар бир катар көйгөйлөрдү ортого салышты. Биринчиден, мындан эки жыл мурун эле өзбек аскерлери Унгар тоосунун чокусуна чыгып, жайланышканда кыргыз бийлиги дагы ошондой окуянын ыктымалдыгын ойлонуш керек эле. Эми өзбектер бир эле Могол айылынан эмес, жол менен чек арасы чектешкен каалаган жерине тосмо орнотсо болот деген алардын каалоосуна жол ачылды.

Мырзакул Балтагулов, Кербен шаарынын тургуну:

мырзакул-min-Биз азыр элди уюштуруп кыргыз аскерлерине ысык тамак жеткирип берип турабыз. Азырынча абал ушул калыбынан өзгөрүлө элек. Элдин маанайы анча эмес. Маселе тезинен чечилсе жакшы болмок. Кудай бетин ары кылсын кандайдыр бир чыр чыгып кетсе, арты эмне менен бүтөөрү белгисиз. Ошондуктан кыргыз бийлиги маселени тез арада чечиши зарыл.

Субанаалы Айталиев, Кербен шаарынын тургуну:

-Биз маалыматты бир гана борбордон күтөбүз. Эмне окуялар болгонун билгибиз келет. Тилекке каршы бул жерде болуп жаткан окуялардын бирин да телеканалдар көрсөтпөй жатат. Ошондуктан азыркы кырдаалда элге  так маалымат керек.

Сейитбек Мырзакматов, Аксы районунун тургуну:

сейитбек (1)-min-Учурда Аксыга келип жаткан аткаминерлер өздөрүнө саясый упай топтоо үчүн кооз сөздөрдү сүйлөп кетип калбастан оппозициясы болобу, бийлиги болобу маселени чечиши керек. Эгер маселе чечилбей ушул бойдон кала турган болсо эл кыйналат. Анан дагы келгендер баланча жер өзбектердики, баланча жер кыргыздардыкы деп элди дүрбөткөндү койсун. Бул кырдаалдагы ар бир сүйлөнгөн сөз, аракет от менен ойногонго тете.

 

 

Келдибек НАЗИРОВ,

Бишкек-Ош-Жалал-Абад-Аксы

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: