Өзбекстандын Эмгек министрлиги Ангрен жана Хорезмдеги кант заводдорунун жетекчилеринин демилгеси менен жапырт түрдө жумушчулар иштен алынып жатканы жөнүндө фактыларды четке какты.
Мамлекеттик эмгек инспекциясынын маалыматына караганда, «Ангрен Шакар» менен «Хорезм Шакар» заводдору коронавирус пандемиясына байланыштуу ишин токтоткон. Аларды ишке киргизүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
«Хорезм Шакар» жоопкерчилиги чектелген коому менен 1081 жумушчу эмгек келишимин түзгөн. Учурда 418 жумушчу ремонт иштери менен алектенүүдө. Өз каалоосу менен арыз жазгандар жумуштан бошотулган.
«Ангрен Шакар» жоопкерчилиги чектелген коомунда 550 кызматкер иштеп жатат. Быйыл июндан октябрга чейин 170 кызматкер иштен бошонгон.
Пандемияга байланыштуу жайында жумушчулар эмгек өргүүгө жана акы төлөнбөгөн эс алууга тартылган. Сентябрь-октябрь айлары үчүн аларга орточө айлык акы төлөнүп берилген.
27-октябрда Өзбекстан улуттук маалымат агенттиги (УзА) «Ангрен Шакар» менен «Хорезм Шакар» заводдорунда жапырт иштен бошотуу башталганын кабарлаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ