Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында “Мерседес-Бенц Спринтер” автоунаасы дарыяга кулап кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, автоунаа Бишкектен коон жүктөп бара жаткан. Айдоочунун жанында болгон Ош шаарынын тургуну Алмаз Кадыров өзү унаадан чыгып, ооруканага кайрылган. Ал эми айдоочу, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну Бекназар Бакасбаев учурда дайынсыз болууда. Издөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ