Улукбек Кочкоров деген экс-депутат бар. Учурда саясатка серепчилик кылып жүрөт. Асыресе ал жигит өзү уюштуруп жатабы же жакындары жан тартып жатабы, айтор ушул тапта УКК төрагалыгына кудалагандар кузгундай жайнап кетти. Атайын кызматтын атын айткы-сы келбеген кызматкеринин айтымында, Улукбек мырза УККдан учурунда уу-дуусу көп болгон чуу менен кеткен экен. Анан калса шпиондук иш бнлгилиги илең-салаң, чекисттик чеберчилиги ченемдүү эле неме экен. Башкармалыктын башчылыгын жөндөп башкара албаган адам, кантип «контораны» башкарат эле деп башы каткандар көп. Ушундайларды уккандан кийин, учурдагы пиардын артынан Улукбектин эле караанын карайт экенсиң.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ