Кылгылыкты кылып, болчусун болтуруп, сол чөнтөгүн толтурчуга толтуруп койгон Улуттук Энерго холдингдин башчысы Айбек Кадиев да кызматтан кеткенден кийин, анан калса УКМКнын сурагына чыдабай кетип, жүрөгү “ооруп”, ооруканага кире качты. Бул балкай жеткечи да, атасындай болгон чоң коррупционер кыргыз саясатчыларынан жазбай таалим алып, айыбы чыккан кезде, “ооруп” калуу өнөрүн жакшы өздөштүргөн экен. Бирок Калиевге оорукана качанкыга чейин эркиндикти алып келип турат? Азбы, көппү? Айтор, бир күнү ден – соолугу “ондолуп” , ооруканадан чыгат да. Кыскасы, жооп берчү күн алыс эмес.
Булак: “Багыт“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ