Кыргызстанда президенттик шайлоонун алдында алгачкы чыр пайда болду. Мындай ызы-чуу “Республика” саясий партиясынын курултайынын жыйынтыгында чыкты. 1- июль күнү Бишкек шаарында Республика партиясынын курултайы болуп өткөн. Анда президенттикке талапкер деп Өмүрбек Бабановду чыгарышкан.
Бирок чогулуштун жыйынтыгы менен “Ата-Журт” саясий партиясы макул эместигин билдиришти. Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин “Республика-Ата-Журт” партиясынан деп чыкканы легитимдүү эмес деп “Ата-Журт” партиясынын басма сөз-катчысы Нургазы Анаркулов 24.kg агенттигине билдирген.
Булак: “NEXT TV Kyrgyzstan“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ