Menu

Балбак Түлөбаев: “Өлкөнүн өнүгүүсүнө жана биримдигине каршы чыккан эл бузарлар коомдон куулушу керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-январда Бишкек шаарынын мэринин м.а. Балбак Түлөбаев Facebook социалдык тармактагы баракчасына АКШдагы президенттик шайлоого байланыштуу болуп жаткан башаламандыктар боюнча пикирин жазды.

Ал элдин мүдөөсүнө каршы чыккандар каргышка каларын айтты.

“АКШ демократиянын бешиги. Түндөгү окуя бул демократияга сокку. Биз эл тандаган Президентти колдойбуз. Люмпендер, маргиналдар, антидемократиялык күчтөргө каршыбыз. Тез арада баары ордуна келерине ишенебиз. Элдин мүдөөсү бул ыйык. Элдин мүдөөсүнө каршы чыгуу бул каргышка калып, өлкөнүн өнүгүүсүнө жана биримдигине каршы чыккан эл бузар наалатка укум тукуму менен калуучулар. Алар коомдон куулушу керек”, – деп жазды Түлөбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: