Бишкектеги бардык жүргүнчү ташуучу унаалардын ичи санитардык тазалоодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек Санитардык эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси Айнагүл Рыскулова кабарлады.
Анын айтуусу боюнча окуу мекемелеринде, дарылоо борборлорунда, мечиттерде жана базарларда коронавирус тууралуу түшүндүрмө берилди. “Андан сырткары, азыркы учурда санитардык- эпидемиологиянын адистери атайын каражаттар менен коомдук транспортторду, мекемелерди тазалоодо”,- деди Айнагүл Рыскулова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ