Menu

Калдарбек Баймуратов, ЖК депутаты: “Авариялык абалдагы мектептерде окуп жаткан окуучулар кырсыкка учураса буга ким жооп берет?”

Бөлүшүү:

“Биз капиталдык салымдар боюнча 2018-жылы 30-мартта бүтпөй калган объектилер курулсун деп мораторий киргизгенбиз. Өкмөт өзү дагы ошондой токтом кабыл алган. Бирок ошол эрежелер сакталбай, кайра эле жаңы объектилер курулуп кетип жатат” – деп билдирди бүгүн, 5-июнда депутат Калдарбек Баймуратов “Республика – Ата-Журт” парламенттик фракциясынын жыйынында.

“ӨКМ авариялык абалдагы мектептерде окуганга жарабайт деген чечим чыгарган. Бирок ал мектептер курулбай, айыл өкмөт өзү мектептин жамааты менен чогулуп оңдоп-түзөп алып балдарды кайра эле окутуп жатат. Эгерде дагы ошондой өзгөчө кырдаал болуп, балдар кырсыкка учураса ким жооп берет? Мисалы, Барпы айыл өкмөтүндө Ынтымак деген мектеп бар. Ал кезде Кубатбек Боронов министр болчу. Ал мектепте окуганга болбойт деп, окуучуларды палаткага чыгарып кеткен. Бирок өкмөт тарабынан эч кандай чечим кабыл алынган жок.  Окуучулар кеч күзгө чейин палаткада окушту. Ошол мектепти кайра эле оңдоп түзөп алып дагы деле окуп жатышат. Ал мектептин ичиндеги коридорлор кыйшайып калган. Ушул мектептен кабар алган бирөө барбы? Мындан тышкары ошол эле Барпы айыл өкмөтүндө Эшпаев деген мектеп бар. Ал дагы авариялык абалда. Бирок ага карабай балдар окуп жатышат. Ушул маселе боюнча жооп берип койсоңуздар”,- деди депутат.

Кыргызстанда жалпы 242 мектеп авариялык абалда. Булар боюнча бүгүнкү күндө үч категорияга бөлүнүп жумуш алып барып жатышат”,- деп Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Көкөчаров Урматбек жооп берди.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: