25 жаштагы Нуржан Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айылында турат. Көкбөрү ойноп, эң мыкты оюн көрсөтүп келет. Азыр ал “Ынтымак” командасында.
“1-ноябрда үйгө келин алып келип, 45 жаштагы апам ак жоолугун салды. Буюрса, той ушул айда. 6 баланын улуусумун. Атам мен 14 жашымда экенде көкбөрү ойноп жатып, аттан кулап, катуу жараат алып, каза болуп калган. Көкбөрү дегенде жанын берет эле. 10 жылдан бери апам бизди өзү жалгыз чоңойтту. Мен көкбөрүнү 3 жашымдан бери көрүп келдим. Бой тартканы улак тартып келем. Ар бир оюнда ар кайсыл тулпарды минем. Арасында Торнадо деген аргымагым бар. Ал экөөбүз көп ийгиликтерге жетиштик. Келечекте да жакшы оюн көрсөтөм деген үмүттөмүн”, – дейт Нуржан Мелисбек уулу.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ