Menu

Дастанбек Жумабеков: «Жамы журт жүрөгүнүн түпкүрүнөн түнөк тапкан улуттук кинобуз эӊ башкы көркөм дөөлөттөрүбүздүн бирине айланды»

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 17-ноябрда улуттук кино чеберлерин, алар аркылуу жалпы эле кино ышкыбоздорун кесиптик майрамы – Кыргыз киносунун күнү жана Кыргыз анимациясынын 40 жылдык маарекеси менен куттуктады. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Спикер кино өнөрү табиятынан бүтүндөй адамзаттын көркөм дүйнөсүндө өтө сейрек жаралуучу кубулушка жатарын баса белгилеп, кинематография – көптөгөн талантуу адамдардын, мыкты адистердин бирдиктүү аракетинен жаралган өтө татаал, ары катаал, бирок кыйла таасирдүү көркөм туунду экенин, ошондон улам бүтүндөй кыргыз жүзү сиздердин эмгегиңиздерге жараша баалана туганын айтты.

“Бизде башкалардан айырмалынып турган улуттук кино өнөрүбүз бар, анын башатында турган таланттуу атуулдарыбыз да арбын. Кыргыз киносу ушул мезгил аралыгында өзүнүн жогорку көркөмдүгү, изденүү чеберчилиги, жаратмандык эмгеги аркылуу миллиондогон адамдардын жүрөк түпкүрүнөн түнөк тапты. Улуттук кинобуз эӊ башкы көркөм дөөлөттөрүбүздүн бирине айланды”, – дейт Төрага.

Анын айтымында, кыргыз журту далай-далай эл аралык сыйлыктарга арзыган “Ак кеме”, “Кожожаш”, “Караш-Караш”, “Ак Мөөр” сындуу кинофильмдери, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Дооронбек Садырбаев өӊдүү корифейлери, Муратбек Рыскулов, Таттыбүбү Турсунбаева, Сүймөнкул Чокморов сыяктуу таланттуу актерлору менен чындап сыймыктанат.

“Кезинде кыргыз киносу бекеринен “кыргыз керемети” аталбаса керек. Азыр дагы уучубуз куру эмес. Толук жана кыска метраждуу, курч окуялуу, терең мазмундуу “Курманжан датка”, “Саякбай”, “Атанын керээзи”, “Апамды издейм”, “Кентавр” сыяктуу көркөм кинотасмаларыбыздын көптөгөн эл аралык ири кинофестивалдардын баш байгелерине ээ болушу кино ышкыбоздорунун үмүтүн жандырууда. Буюрса, бул көч андан ары уланат деген ойдобуз”, – деген пикирин билдирди.

Төрага Жогорку Кеңеште кино тармагына эмгеги сиӊген депутаттарыбыз бар экенин белгилеп, кыргыз парламенти улуттук маданиятты, анын ичинде кино өнөрүн жандандыруу, анын материалдык-техникалык базасын чыӊдоо жаатында колдон келген аракетин жасоо менен, жыл сайын депутаттардын демилгеси менен кинофильмдерди тартууга каражат бөлүнүп жатканын кошумчалады.

“Кадырман кино ишмерлери, мындан ары да ушул демиңиздерден жазбай, заман талабы менен тең кадам таштап, жаратман эмгегиңердин акыбетинин кайтышына тилектешмин. Сиздерге чың ден-соолук, өтөлгөлүү өмүр, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Ылайым, Жараткан жалгап, өркөнүӊөр өсүп, өнөрүӊөр өргө чапсын!”, – деп жыйынтыктаган Дастанбек Жумабеков өз куттуктоосун.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: