Menu

Караколдо коомдук транспорттор арасында санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд өтүүдө. Рейддин жүрүшүндө айдоочуга айып салынды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ЖККББнын Ысык-Көл ОИИБ боюнча кызматкерлери санитардык-эпидемиологиялык жана транспорт инспекциясынын өкүлдөрү менен бирдикте жүргүнчүлөрдү жеке ташуу жана коомдук транспорттун айдоочуларын, коронавирус инфекциялык илдетинин жайылышына жана жугушуна жол бербөө максатында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин сактоо боюнча рейд өткөрүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Бир күндүк рейддин жүрүшүндө 70ке жакын таксисттер, 45 кичиавтобус жана 4 автобус айдаган айдоочулар текшерүүдөн өтүштү. Рейд учурунда 1 айдоочу санитардык эрежелерди сактабастан  жүргүнчүлөрдү ташып жүргөндүгү аныкталды. Аталган айдоочуга бузуулар жөнүндө кодексинин 150 беренеси (Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу) менен протокол түзүлүп, 3 миӊ сом өлчөмүндө айып пул салынды жана маршруттан алынды.

Рейд учурунда жол коопсуздугунун кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташууда санитардык эрежелерди сактоо жана дарыгерлердин өздүк гигиена боюнча кеӊештерин колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Рейд 3 күндүн аралыгында өтмөкчү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: