Өкмөттүн бүгүнкү отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев телефон ойноп отурган министрлер кабинетинин мүчөлөрүн сынга алды.
Өкмөт башчы сүйлөп жаткан учурда залда телефон чырылдаган.
«Байкашымча, бул жерге кээ бирлер телефон ойногону келген окшойт. Экинчи мындай кайталанбашы керек, мындан ары отурумдун алдында баардыгынын телефондорун алгыла»,- деди премьер-министр.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ