Menu

Сооронбай Жээнбеков «Манас» аба майданынын жанына оюн-зоок аймагын курууга каршы

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Манас» аба майданынын айланасына оюн-зоок аймагын ачууга каршы. Мындай пикирин өкмөт башчы «2017-жылдын бюджети жана 2018-2019-жылдар үчүн божомолдор жөнүндөгү» мыйзам долбоору талкууланган Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

Депутаттар буга чейин Экономика министрлиги оюн-зоок аймагын ачууну сунуштаганын айтып, ал өлкө бюджетине аз эмес акча алып келмек деп эсептей тургандыктарын белгилешти.

«Биздин башыбыздан өткөн, мен андай практикага каршымын. Бишкекте оюн аймактары менен казинолор бар болчу, алар жарандарга зыян алып келген. Мен алардан пайда көрбөй турам», – деди Жээнбеков.

2015-жылдын аягында Экономика министрлиги чет өлкөлүктөр үчүн гана кызмат көрсөтө турган оюн-зоок комлексинин долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Ага ылайык, комплекс өз ичине мейманканаларды, дүкөндөрдү, жыйындар залдарын, көргөзмө жана коммерциялык объектилерди камтышы керек болгон. Коомдук талкуунун жыйынтыгында долбоор жарандардын колдоосун тапкан эмес.

Өлкөдө казино ишмердигине 2012-жылдын 1-январында тыюу салынган. 2015-жылдын апрелинен тарта тотализаторлор менен букмекер кеңселеринин ишине да тыюу бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: