Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, Эркин Сопоков кечээ, 28-ноябрда УКМКга суракка чакырылып, камакка алынган. Ал Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу колго түшкөн.
Эске сала кетсек, жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багынан атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Бул окуяга Эркин Сопоковдун да аты аталган. Ал ээлеген кызматынан президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулган. Анын кызматтан алынышынын себебин Тышкы иштер министрлиги маалымдаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ