Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн сунушу жана шаардык башкармалыгынын ӨКМге кайрылуусунун негизинде Бишкек шаардык жарандарды коргоо комиссиясынын чечимине ылайык, бүгүн, 29-июндан баштап, күн сайын саат 09.00дөн 18.00гө чейин борбор калаа дезинфекцияланат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, дезинфекциялоо иш-чараларын санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борбору менен ӨКМ биргеликте жүргүзөт.
29-июнга белгиленген планга ылайык: Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин, Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин, Эркиндик бульвары, Ала-Тоо аянты, Эмен паркы, Панфилов паркы жана башка коомдук жайлар дезинфекцияланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ