Menu

Бишкекте дүйнөгө дүңгүрөп жаткан Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” киносу көрсөтүлүп баштады

Бөлүшүү:

Белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” аттуу көркөм тасмасынын бет ачары Бишкекте “Ала-Тоо” кинотеатрында болду. Бул кинону кыргыз коомчулугу көптөн бери күтүп жатканы маалым. Себеби, кино тартылып бүтөрү менен эле Эстонияда өткөн дүйнөлүк деңгээлдеги “А классындагы” фестивалга катышып, буга чейин кыргыз киносунда эле эмес, Орто Азия боюнча кино тарыхында эч ким ала элек, абройлуу сыйлыкты жеңип алган. Ошондон бери бул кинонун аты алыска, даңкы далайга кетип, дүңгүрөп, көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып келе жаткан. Бул кино Эстониядагы кинофестивалдан кийин Ирандагы, Кытайдагы кино фестивалдарга да барып, чоң ийгиликтерди багынтып келди. Алдыда дагы бир топ кинофестивалдарга чакырылып жатканы да маалым бол­ду. Бул кинону көрөбүз деп “Ала-Тоого” келген көрүүчүлөрдүн саны абдан көп болгондуктан, театр ичине эл батпай, туруп көрүүгө кайыл болгондорду да көрдүк. Эл кинону көргөнчө эле Бирназаров баштаган режиссёрго, деги эле жалпы тартуучу топко дүркүрөтө кол чаап турушту. Бул кино азырынча элге ушул кинотеатрда гана көрсөтүлө баштады.

Булак: “Багыт” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: