Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр, Кубатбек Боронов вице-премьер болуп дайындалышкандан бери алардан кызмат сурап кайрылышкан эски тааныш-тунуш, жек-жаат көбөйүп, айлаларын алты кетирип жатышканы айтылууда. Тигилер болсо “биз эч нерсе чечпейбиз, жадагалса министрдин орун басары же өкмөттүн бөлүм башчысын да дайындай албайбыз, баарысын жогору жактан чечип, дайындап берип жатышат” деп алакан жайып, “ооздорун куу чөп менен аарчып” жатышат экен. Бул сөздү кызмат сурагандардан эптеп кутулуш үчүн эле шылтоо кылып айтып жатышабы же чын эле өкмөттүн аппаратынын кызмат орундарын, министрлердин орун басарларын да президенттин жан-жөкөрлөрү чечип калыштыбы?
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ