Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Коомдук унаалардын абалын жакшыртуу жол тыгындарын азайтат

Бөлүшүү:

«Эгер биз азыр конкреттүү чараларды көрбөсөк, 5-10 жылдан соң биздин шаардын жолдору жалаң тыгындардан туруп калат», – дейт Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Манас Белошаров.

М.Белошаровдун айтуусунда, учурда көпчүлүк бишкектиктер өздүк автоунаа алууга аракет кылышууда. Буга муниципалдык унаалардын аздыгы, жеке менчик маршруттук таксилердеги тыгылыш дагы себеп.

“Эгер шаар бийлиги  коомдук унаалар туруктуу жана ар дайым жүрө турганына  кепилдик берсе, айрым шаарыктарга жеке менчик автоунаа алуу зарылдыгы жоюлмак”, –  деп эсептейт Манас Белошаров.

Шаардагы коомдук унаалардын реформасын экологиялык таза, заманбап электроавтобустарды сатып алуудан башташ керек. «Мындай унаалар маршруттук таксилерге салыштырмалуу көп жүргүнчүнү батыра алат, анын эсебинен жолдогу тыгындар дагы азаймак», – деп жыйынтыктады “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын мүчөсү Манас Белошаров.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: