Саламаттыкты сактоо министрлиги медицина кызматкерлери коронавирус илдетин жуктуруп алганын жашырбай ачык айтып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев тиешелүү суроого жооп берип жатып билдирди.
Үсөнбаевке “Коронавирус илдетин жуктуруп алган медицина кызматкерлерин Саламаттыкты сактоо министрлиги жаап жашырып жатат деген сөздөр айтылып жатат. Муну жаап жашыруунун негизи барбы? Сиздер жашырбай эле айтып жатасыздарда туурабы?”,- деген суроо берилди.
“Аны жаап жашыргандын эч кандай кажети жок. Анткени медицина кызматкерлери иштеп, жардамдарды көрсөтүп жатат. Анан аны жаап жашырган негизи туура эмес дагы болуп калат. Ошондой эле андай маалыматтар тез эле жайылып кетет. Ошондуктан бүгүнкү күндө коронавирус илдети тастыкталган учурларды ачык айтып эле, аларды стационарларга алып келип дарылашыбыз керек. Үйдө отуруп алып дарылаган өтө кейиштүү абалга алып келээрин медицина кызматкерлери жакшы билишет. Биз баарын жашырбай эле ачык айтып жатабыз”,- деди Үсөнбаев.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ