Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков туулган күнүн кандай белгиледи?

Бөлүшүү:

16-ноябрдын кечинде президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн 60-туулган күнүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында белгиледи. Бул тууралу бизге ал тойго катышкан биздин жеке булактар айтып беришти.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өзүнүн туулган күндөрүн буга чейин деле бардык президенттер белгилеп келишкен. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев баары өздөрүнүн бийлиги тушунда туура келген туулган күндөрүн, айрыкча юбилейлерин мамлекеттик аткаминерлердин катышуусунда белгилешчү. Тайлар союлуп, арак-шарап суудай агып, ырчылар ырдап турушчу.

2016-жылы, ал кездеги президент Алмаз Атамбаев өзүнүн 60 жылдык юбилейин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында бир нече күн катары менен майрамдаган. Анын бир күнүндө жалаң министрлер менен депутаттар тойлошкон.

Алардан айрымаланып, 16-ноябрь күнү өткөн президент Сооронбай Жээнбековдун 60 жылдык торколуу тою өтө жупуну өткөнүн кабарлашты. Өкмөттөн министрлер чакырылбаган, болгону премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган вице-премьерлер гана келишкен. Ал эми КР Жогорку Кеңешинен фракция лидерлери жана 5-6 аксакал депутаттар чакырылган. Калгандары жакын урук-туугандары жана достору болгон. Арак-шарап берилбеген. Сый-тамак берилип, артынан артисттер өз өнөрлөрүн көрсөтүшптүр. Ашыкча ысырапкерчилик болбогонун белгилешет.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: