Menu

Тамада, бийчи, сүрөтчүлөргө айып пул салынды

Бөлүшүү:

Мамлекеттик салык кызматы той-салтанаттарда кызмат көрсөткөн  ишкердүүлүктүн 109 субьекттин салык мыйзамын бузганын аныктаган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматка караганда, саналган тейлөө кызматкерлеринин  мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү жана ыктыярдуу  патенти жок болгон.

Ошентип, 44 адам тамаданын кызматын, 36 адам сүрөтчүнүн кызматын , 6 адам музыканттын кызматын, 13 адам тасмага тартуу кызматын жана 10 адам бийчилер тобунун кызматын  атайын уруксаты жок көрсөтүп келген.

Жалпысынан Бишкек, Ош, Жалал-Абад аймактары жана Аламүдүн районунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында салтанат залдарын кооздоо, фото жана видеого түшүрүү жана көңүл ачуу кызматтарын көрсөткөн  320 ишкер текшерилип, бул аралыкта 769,2 миң сомго бааланган 211 патент берилген.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: