Техастын тургуну Кристофер Прекопия ага тагылып жаткан айыптарды жасаган селфиси менен жокко чыгарды. Бул окуя тууралуу KVUE жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жигит мурдагы сүйлөшкөн кызына кол салды деп күнөөлөнгөн. Бийкеч полицияга кайрылып, Кристофер анын үйүнө кирип келип таяктап, бычак менен төшүнө сүрөт тартканын айткан.
Айып жалгыз жабырлануучунун сөзүнүн негизинде гана коюлганына жана жигит ал кечте үй-бүлөсү менен болгонун айтканына карабастан, Кристофер камакка алынган. Күнөөлөп жаткан тарап аны 99 жылга эркинен ажыратууну талап кылган.
Жигиттин айтылгандарга тиешеси жок экенин анын энеси далилдеп чыккан. Ал кызга кол салуу болгон күнү жаштар мейманканада чогуу тамактанганын эстеп, ал жай кылмыш болгон жерден 65 чакырым алыстыкта экенин айткан. Ал күнү кыз-жигит сүрөткө түшүп, Кристофер Facebook баракчасына аталган аймакта тартылган селфилерин жарыялаган. Жыйынтыгында, бул сүрөт анын күнөөсүз экенин аныктаган документ болуп калды.
А акырында, жабырлануучу кыз жигитинен өч алуу максатында тигил окуяны ойлоп тапканы ачыкталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ