Menu

Каза болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөт

Бөлүшүү:

Прокурор Анарбай Мамажакыповдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

“Маркумдун артында 4 баласы калган. Республика боюнча прокуратура органдарында 800дөн ашуун адам кызмат өтөйт. Алар маркумдун үй бүлөсүнө 1000 сомдон каражат бөлүп беришет. Окуя болгон жерде Башкы прокурор иштин жагдайларын иликтөөдө. Анарбай Мамажакыпов бүгүн жерге берилет,” – деп айтылат маалыматта.

Анарбай Мамажакыпов 43 жашта болчу. Ал Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Чак айылында туулган.

1998-жылы Ош облусунун Ноокен райондук прокуратурасында стажер болуп иштеп баштаган. 2000-2002-жылдары Аксы районунун прокурорунун жардамчысы болуп эмгектенген, 2002-2006-жылдары Жалал-Абад облустук прокуратурасынын экономикалык кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетектеген.

2007-2010-жылдары Анарбай Мамажакыпов Ала-Бука районунун прокурору болгон, 2010-2013-жылдары – Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары болуп эмгектенген. 2013-жылы Талас облусунун прокурору болуп иштеген, ал эми 2018-жылдын май айында Баткен облусунун прокурору болуп дайындалган.

Анарбай Мамажакыпов 17-нен 18- ноябрга караган түнү Баткенде киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү деп Баткен шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси М.К аттуу жаран кармалган.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: