Menu

ИИМ: Ички иштер министри Улан Ниязбеков КРнын ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматына барды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-ноябрь күнү КРнын Ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков күжүрмөн-кызматтык ишмердик менен таанышуу максатында КРнын ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматында болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, иш сапардын башталышында министр бул жерде жаңыдан ачылып жаткан “Баатырлар аллеясынын” салтанаттуу ачылышына катышып, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жана ар кыл мезгилдерде кызматтык милдеттерин аткарууда баатырларча курман болгон Ички аскерлердин кызматкерлеринин жаркын элесине таазим кылган.

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын колбашчысы, полковник И.Кенжекулов, ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын ардагерлери курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюп, алардын эрдигин эскеришкен.

“Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматы саясаттан тышкары. Биздин башкы жана негизги тапшырмаларыбыз-коопсуздук деңгээлин жогорулатып, кыргызстандыктардын укугун коргоо. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, жарандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын аскерлери ар убак коомдук коопсуздукту камсыздап, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти катуу сактоого тийиш”,-деп Улан Ниязбеков баса белгилеген.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын музейинде болду жана андан соң ал өздүк курамдын дене тарбиялык, күжүрмөн самбо боюнча даярдыгына күбө болгон. Ушул эле жерден атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери министрге тоскоолдуктардан өтүү, тоодогу даярдык, көп кабаттуу имараттарды багындыруу боюнча машыгууларды көрсөткөн.

Андан тышкары министр Ички коопсуздуктун аскер кызматынын окуу-материалдык базасынын, окуу класстарынын, жоокерлердин мончолорунун абалы менен таанышып чыккан.

Иш сапардын соңунда министр ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын өздүк курамы жана ардагерлери менен жолуккан. Өз сөзүндө ал Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өздүк курамы өлкөдө түзүлгөн саясий кырдаалга карабастан, аларга жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарууга тийиш экендигин баса белгилеген.

Ошондой эле, Улан Ниязбеков ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматына кураторлук кылган министрдин орун басары Октябрь Урмамбетовду тааныштырган. Аны менен катар Ички иштер министрлигинин жетекчилиги мындан ары да Ички коопсуздук аскер кызматын ар тараптуу өнүктүрүүгө болгон күч- аракетин жумшаарын баса белгилеген. Министр ардагерлерге да бекем ден соолук каалоо менен алар Ички коопсуздук аскер кызматынын өсүп-өнүгүшүнө өзгөчө салым кошот деген ишенимин арткан.

Сөзүнүн соңунда министр өздүк курамга кызматтык-күжүрмөн милдеттерди аткарууда ийгиликтерди каалаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: