Menu

Кайыповдун 5 жылдык “кайф” доору Кыргызстанга эмне берди?

Бөлүшүү:

«Убакыт учкан куш» деген сөз модадан калып баратат. Анткени космос деген балээ чыкты. Анын алкагында куштун учканы жөн эле «пырпырак» болуп калды да. Мунун анык далили Өкмөттүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов экенине ишенгиле. Анткени анын космостук ылдамдыгы үжө 5 жылдыкты көз ирмемге тартып атат. Дегеним, Аманбай мырзанын Теңир-Тоону жетектеп олтурганына билинбей 5 жыл өтүп кетиптир. Ачыгын айтыш керек, көзгө көрүнө турган кыйраткан иш жасай албаса деле дараметине жараша аракетин кылып келе жатат. Анткен менен аракеттеринин арты али бүдөмүк. Жакшы-жакшы ойлору бар, бирок алардын азырынча ишке ашышы күмөн. Анткени, Амакең бул планетанын адамы эмес, башка жылдыздарга чыгып кеткен. Кандай болгон күндө да Кайыпов өмур баянына Нарынды 5 жыл жетектеген деген жазууну жаза алды. Бул деген чоң жетишкендик, чоң сыймык да. «Өгүз өлбөсүн, Кайыповдон Нарынды кудай алмак беле! Бир күнү өнүгөөр…» деген гана сөз жетишпей атат ээ?..

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: