УКМКнын камагында жаткан Манас Арабаев тергөө менен жең ичинен иштешип, Атамбаевге карата бир топ «компроматтарды» божурап атканы каңкууланды. Андан да кызыгы, алдастаган Арабаев бар амалын көргөнү, Раиса Атамбаевага да каршы көрсөтмөлөрдү берип атканы ыраспы? Сыягы, оңду-солду буйдалап, эптеп эле эркиндикке чыгып кетүүгө жанталашып атса керек. Мурдагы режим тушунда бул эргул кылгылыкты кылып, Алмаз Маткасымовду сотторго жиберүү менен мыйзамсыз чечимдерди, саясый куугунтуктарды жүзөгө ашыруунун «дирижеру» болгонун кайда жашырабыз? Азырынча коомчулукка жарыяланбаган да кылмыштары айтылууда…
Акын Бекчороев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ