Кытайда эч качан кир болбой турган, -73 жана +100 градуска чыдай турган күрмө жаратылды. Күрмөнүн учурда эки гана түсү бар. Алар кара жана ак.
“Uleemark DuPont” атындагы бул күрмө “Dupont paper” атындагы синтетикалык материалдан жасалган, ал суу өткөрбөйт жана кирди өзүнө сиңирбейт. Демек, чай, кофе же жана башка суюктук төгүлсө, күрмө кир болбойт.
Бирок, бул күрмөнү жуубай эле койсо болот дегенди түшүндүрбөйт. Жаратуучулар бир жылда бир жолу жууп коюну сунуштайт.
Ошондой эле жаратуучулар анын аябай жылуу экенин белгилеп, 90% кааздын жүнүнөн жасалгандыгын кошумчалаган.
Күрмө 11-ноябрда Кытайда сатыкка чыгат, анын беш өлчөмү болот. Алар: S, M, L, XL жана XXL. Чыккан баасы 66 доллар болору айтылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ