Эртең, 1-ноябрдан баштап жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 31-октябрда билдирди.
Алардын айтымында, тиешелүү жарлыкка Бишкек мэри Азиз Суракматов кол койгон. Жылуулук алгач оорукана, төрөт үй, мектеп, бала бакча жана социалдык мекемелерге берилет. Анан карызы жок турак үйлөргө, өндүрүш мекемелерине жылуулук берилет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ