Menu

Сапар Исаков ТВЕАнын коррупциялык схемаларын билип туруп атайын келишим түзгөн

Бөлүшүү:

Алексей Елисеев ЦАРИИде Максим Бакиевдин орун басары болуп турган кезинде кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн Кыргызстанда 6 жылга эркинен ажыратылган. 2010-жылы апрель революциясынан кийин ал өлкөдөн качып, Латвияда саясий башпаанек алган. Кийинчерээк тиешелүү органдар Латвиянын Коррупцияга каршы күрөшүү жана жол бербөө бюросунун тергөө бөлүмү аркылуу Кыргызстанда ага карата козголгон кылмыш иши боюнча аны күбө катары суракка алган. Тергөө маалында Елисеев ЦАРИИде М.Бакиевдин орун басары болуп турганда эмне маселе менен алектенгендигин төкпөй-чачпай айтып берген. Эң кызыгы анын айткандарынан ригалык тергөөчүлөргө Кыргызстандын энергетикалык тармагында кандай долбоорлорду жүзөгө ашыруу пландалгандыгы, Бишкек ЖЭБди жаңылоо коррупциялык аракеттердин аркасында кытайлык компания тарабынан ишке ашырылгандыгы маалым болгон.

Елисеев Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында башкаруучу куратор кызматын аткарып, ошондой эле ага Кытай менен кызматташуу долбоорлорун координациялоо милдети жүктөлгөн. Айтымында, ЦАРИИнин жетекилигине Максим Бакиев, төрт орун басары: өзүнөн башка Канат Асангулов, Азамат Дикамбаев жана Учкунбек Ташбаев кирген.

Сурак берүү учурунда Елисеев тергөөчүлөргө 500 кВттык “Датка-Кемин” электр линиясын жана 500 кВттык “Датка” көмөк чордонун куруу, Бишкек ЖЭБди жаңылоо долбоорлорун, “Дастан” ТУК ААК жана “Таш Көмүр Селикон Продакшн” ЖАКтын базасында фотоэлектрикалык модулдардын вертикалдык-интеграцияланган өндүрүшүн түзүү, “Камбар-Ата-1”, “Камбар-Ата-2” ГЭСтерин куруу, өлкөнү жаратылыш газы менен жабдууну жакшыртуу жана көмүр казуу тармагын өнүктүрүү боюнча ЦАРИИнин долбоорлору тууралуу айтып берген.

Сурак берүү учурунда Елисеев Бишкек ЖЭБди жаңылоо долбоору 150 млн АКШ долларына баалангандыгын эстеген жана тергөөчүлөрдү чаташтырбоо үчүн жылуулук электр борборун жаңылоо бааларынын варианттары жөнүндө документтерди көрсөткөн.

Айтымында, 2010-жылы ал делегациянын курамында Кытайга барган. Сапардын максаты Елисеевдин айтымында, мамлекеттер аралык кызматташууну жакшыртуу, анын ичинде энергетикалык тармактагы долбоорлорду жүзөгө ашырууну көздөсөн. Ал эми Бишкек ЖЭБди жаңылоо маселеси жеке тартипте талкууланган. Бул долбоор шыр эле Кытай тараптын кызыгуусун жараткан, бирок майда-бараты анда деталдуу талкууланган эмес. Елисеевдин айтымында, ал сапар Кытай менен иштешүүнүн башталышы болгон. Ошондон кийин ага бардык долбоорлор, алардын арасында ЖЭБди жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугу берилген.

Айтымында, ЖЭБди жаңылоо долбооруна 150 млн доллар сунуштаган кытайлык башка компаниялар деле болгон. ТВЕА долбоорду 200 млн долларга бааласа, Кытайдын мамлекеттик электр станциялар компаниясы 150 млн доллар сунуштаган. Ошондуктан, баасы жогору болгондуктан ТВЕА көңүл сыртында калган. Өз сөзүн тастыктоо үчүн Елисеев ЦАРИИнин 2010-жылы 11-февралда болгон кеңешмесинин протоколун көрсөткөн жана ТВЕА иш башталбай жатып эле коррупциялык схемаларды сунуштаганы менен өзүнө шек жараткан, ошондуктан аны менен кызматташуудан баш тартууга туура келген.

Ал ошондой эле Эксимбанктын өлкөгө жүк болуп артылган кредитинин көмүскө жактарын да айтып берген.

Елисеевдин айтымында, өзү М.Бакиевдин орун басары кезинде Сапар Исаков ЦАРИИнин коммуникациялар кызматын жетектеп, эл аралык жолугушууларды уюштуруу менен алектенген. Ал эми А.Калиев ЦАРИИде энергетикалык долбоорлор менен иштеген. Мындан тышкары, С.Исаков делегациялардын курамында көп ирет чет өлкөлөргө, алардын арасында Кытайга да барган.

Сурактын жүрүшүндө Бишкек ЖЭБди жаңылоо долбооруна кытайлык эмес башка компаниялар да каралгандыгын, бирок кыргыз чиновниктери болбой эле кытайлыктарды түртүүгө аракеттенишкендиги агенттиктин ишине чоң тоскоолдуктарды жараткандыгын айтып берген Елисеев ушундай жагдайлардан улам агенттиктин көп кызматкерлеринин аты-жөндөрү ачык айтылбагандыгын кошумчалаган. Сапарлардан кайткан учурда жыйынтыгын Максим Бакиевдин өзүнө баяндап турган. 2010-жылы революциядан кийин ал мамлекет үчүн керектүү деп эсептеп жумушчу документтерди жаңы бийликтерге берүүгө аракет жасагандыгын, бирок ал учурда алар эч кимге кызык болбогондугун тергөөчүлөргө айтып берген.

Ошондой эле кытайлыктарга ишеним көрсөтпөөгө негиздер болгондугуна карабастан, жаңы бийлик долбоорду ишке ашырды. Анткени, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди жаңылоо долбоорунун бардык аки-чүкүсүн, ошондой эле ТВЕАнын коррупциялык схемаларга шыктуу экендигин жакшы билген дейт Елисеев. Ошондуктан, С.Исаков кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен өзүнүн иш бөлмөсүндө көп ирет жолугушуп, кытайлык иш аткаруучуну парламентке жана мамлекеттик структураларга таңуулаган. Натыйжада, Бишкек ЖЭБге өткөн кылымдын 60-жылдарында колдонулган эски жабдуулар орнотулду, 111 млн доллар уурдалды. Эми өлкө жарандары ал акчаны өз чөнтөктөрүнөн кайтарышы керек. Ушундай далилдерден кийин экс-премьер Исаковдун, экс-президент Атамбаевдин жана азыр соттолуучулар тактасында отургандардын “коррупционер эмеспиз” дегендерине кантип ишенүүгө болот?

Т.Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: