Бишкек мэри Азиз Суракматов ортозаар гана ишмердиги менен көрүнө алды. Анчалык реформатор экенин байкай албадык. Бирок… Бизге жеткен маалыматтар боюнча, өкмөт башчы Абылгазиевди кетирип, анын ордуна Суракматовду алып келүүгө камылгалар башталыптыр. Абылгазиев кыйратпаган, мунусу жыргатабы? Эмне үчүн Азиз мырза премьер-министрликке тапталууда? Себеби, саясый амбициясы жок, буйрукту «кыңк» дебей аткарат.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ