Menu

Жарандык авиация агенттиги: Аэропорттор ички каттамдарды ачууга толугу менен даяр

Бөлүшүү:

Эртең, 5-июндан тарта ички авикаттамдардын иши жанданат. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, тиешелүү мамлекеттик органдар авиакомпаниялардын жана аэропорттордун иштөө алгоритмин иштеп чыгышкан.

“Ички каттамдарды “Тез Джет” авиакомпаниясы ишке ашырат. Каттамдар алгач жумасына төрт жолу, кийинчерээк күнүнө бир жолу ишке ашырылышы пландалууда. “Манас”, “Ош” жана “Ысык-Көл” эл аралык эропорттору өз ишин кайрадан баштоого толук даяр” – деп билдирди Курманбек Акышев.

Ал ошондой эле, аэровокзалга бир гана билети бар жүргүнулөр кирерин, билети жокторго уруксат берилбегенин кошумчалады.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: