Menu

Атамбаевдин жансакчысы “кызыл” камерада канча киши менен отурганы айтылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-октябрда Биринчи май райондук сотунда Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасы каралмак. Ал белгисиз бир себептерден улам, 3-октябрга жылганы айтылганы менен убактысы айтылган жок.

Бул менен катар бүгүн Канат Сагымбаев № 1 тергөө абагында канча киши, кимдер менен отурганын жана абактын ички тартиптери жөнүндө ЖАМК журналисттерге билдирди. Алардын айтымында, тартип боюнча, камерада бештен ашуун киши болбойт. Эгерде ондон ашуун укук коргоо органдарынын мурунку кызматкерлери толуп калса, анда аларды бөлүп, башка камераларга жайгаштырат. Укук коргоо органдарынын мурунку кызматкерлерин башка соттолуучулардан бөлөк кармашат. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин эч качан катардагы жарандар менен бирге отургузбайт. Канат Сагымбаев төрт киши менен “кызыл” камерада отурат. Буга чейин ЖАМК ал кимдер менен отурганын билдирген.

Эскерте кетсек,  24-сентябрда, кечке маал Аскер прокуратурасы Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевди КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Адам өлтүрүүгө катышуу” жана “Массалык баш аламандыктарды уюштуруу” беренелери боюнча айыптап, суракка чакырып, 48 саатка камакка алган. 26-сентябрда, анын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, анда адвокат аны үй камагына чыгаруу боюнча суранган. Анын өтүнүчү четке кагылып, ал 8-октябрга чейин №1 тергөө абагында кармоо чечими чыккан.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: