Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ош облусуна барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө региондоруна иш сапарларын улантат. Бүгүн, 10-июнда Мамлекет башчысы эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барды.

Иш сапарынын биринчи күнүндө Сооронбай Жээнбеков  Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата Ош шаарына барат. Июнь окуясы маалында каза болгондорду эскерип, «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл коет.

Президент иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы жана Араван районундагы калкты таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык түйүндөрдү жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Ош облусунун өнөржай жана айыл чарба объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: