Президент, өкмөт талаш жер боюнча тийиштүү чараларды көрүп жатат. Ал эми парламентчи? Жайнаган саны бар, сапаты жок жүз жыйырма депутат бар эмеспи. Алар эмне үчүн талаш болуп жаткан жерге барышпайт?
Жок дегенде ошол жерде чек араны кайтарып турган каратаман элдин балдарынан (анткени аскерге жалач гана карапайымдын балдары барат) кабар алып коюшпайбы. Коалициялык көпчүлүктүн лидери Чыныбай Турсунбеков эмне «пок жеп» жүрөбү? Сүйлөсө тилине тибиртке чыкчудай тибирейт.
Фракция лидерлери эмне текей оттоп жүрүшөбү? Бизде парламенттик башкаруу болгондон кийин маселени чечишпейби. Сабатсыз депутаттарга добуш берген элдин өзунө эле убал болду…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ