Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгынын буйрутмасы менен “Манас” эпосунан үзүндү баяндаган киноролик тартылды. Анда Манастын аялы Каныкейдин Айкөл жарына кандагай тигүүдөгү уздугу, Кошой балбан менен Жолойдун күрөшүнө даярдык, Каныкейдин Кошойдон Семетейдей уул төрөп алууга бата алгандыгы жана Семетейди төрөгөндүгү баяндалат. Кинороликке Кыргызстандын биринчи айымы Раиса Атамбаева, жаш актриса Элина Абай кызы, ырчы Аяна Касымова жана башкалар тартылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ