Бүгүн, 4-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча Атамбаев жана анын жан-жөкөрлөрүнүн үстүнөн сот ишинин алдын-ала угуулары уланды. Сот жабык эшик артынан өтүп жаткандыктан журналисттер коридордо айыпталуучу Ирина Карамушкинанын адвокатынан комментарий алып жатышканда сот залынын жабык эшигинин артынан Атамбаевдин жан-жөкөрлөрүнүн “Журналисттер барбы?” деп кыйкырганы угулуп, элдин баары ошол жакты көздөй чуркашты. Бирок, эшик кайтаруучулар сот залына эч кимди киргизбей коюшту.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ