Ош облусунда кырсыктын кесепетинен төрт адам каза болуп, бир адам оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 5-августта саат 05:00 чамасында Ош-Өзгөн унаа жолунда болгон. “ВАЗ 2107” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай токтоп турган SCANIA жүк ташуучу унааны барып сүзгөн.
Окуя болгон жерден 2002-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, “ВАЗ 2107” унаасынын айдоочусу жана анын жүргүнчүсү 2001-жылы туулган Н.Э. каза тапты. Унаанын дагы 2000-жылы туулган эки жүргүнчүсү ооруканада көз жумган. Дагы бир жүргүнчү 2003-жылы туулган М.Э., жандандыруу бөлүмүндө.
Сотко чейинки өндүрүш башталды. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ