Menu

Жаңылыш жана мыйзамсыз чыгарылган өлүм жазасы

Бөлүшүү:

Мындан 20 жыл мурда тергөө органдарынын жана соттордун түздөн-түз күнөөсү менен 4 киши өлтүрүлгөн жана бейкүнөө 19 азамат узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.

КМШ өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгы (Беларустан башкасы) сыяктуу эле Кыргыз Республикасында да өлүм жазасына алгач мараторий жарыяланып, 4 жылдан соң, эң жогорку жаза чарасы катары бул нерсе өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырылган. Негизинен бул мыйзамдуу чечим болгону менен, чыгарылган өлүм жазасынын туура же туура эместиги жөнүндөгү талаш-тартыш илимпоздор менен практиктердин, саясатчылар менен коомчулуктун ортосунда ушул күнгө чейин талаш-тартыштарды жаратып келет.

Өлүм жазасына каршы идеяларды дүйнөлүк коомчулукка таңуулап жана белгилүү бир деңгээлде ишке ашырып келген АКШынын 50 штатынын 36сында эң жогорку жаза чарасы катары өлүмгө буюруунун (шприц сайып ууландырып өлтүрүү же атуу жолу аркылуу) бар экендиги мындай чаранын тарапташтарынын чырагына май тамызганы менен, XXI кылымда жашап жаткандыгыбызга карабастан, бул маселе адамзат коомун терең ойго салып келүүдө.

Ушул жылдын январынын аягында Россиянын Мамлекеттик Думасынын бир катар депутаттары коррупциялык кылмыштарга карата өлүм жазасын колдонуу сунушун көтөрүп чыгышкандыктары эмнени билдирет? Орус депутаттары буга аргумент катары Кытайда баш-аягы болуп 60 мыйзам беренесинде көрсөтүлгөн оор жана өзгөчө оор, ошондой эле коррупциялык кылмыштарга карата жогоруда аталган жаза чарасынын колдонулуп жаткандыгынын натыйжалуулугун айтышууда. Маалымат үчүн айтып кете турган нерсе — ​жыл сайын Кытайда 5 миңден 13 миңге чейин мындай өкүм чыгарылып, дүйнө боюнча чыгарылган өлүм жазасынын теңин түзөт.

Анткен менен, өтө сейрек болсо да, соттор тарабынан өлүм жазасынын жаңылыш чыгарылгандыгынын чыныгы статистикасы жок экендигине карабастан, бул маселе өтө терең маани берүү менен кароону талап кылып келүүдө. Ошондуктан, бул темадагы талаш-тартыштар укук коргоочулар өткөргөн эл аралык илимий-практикалык жыйындардын күн тартибинен түшпөй келаткандыгы да бекеринен эмес. Бул багытта, биздин Кыргызстаныбызда болбосо да, Россияда, АКШда жана Европанын бир катар мамлекеттеринде акыркы 150 жылдай мезгилдин аралыгында илимий талдоолор жүргүзүлүп, далай монографиялар жарык көргөндүгүн да билебиз.

Буга мисал катары юстициянын полковниги, юридика илимдеринин доктору Н. Н. Китаевдин “Өлүмгө буюрган мыйзамсыз сот өкүмдөрү” деп аталган, жогорудагы актуалдуу теманы талдоого алган монографиясын айтсак болот. Аталган эмгекте автор СССР доорунун 1970–1990-жылдар аралыгында соттордун жаңылыштыгынан улам мыйзамсыз өлүмгө өкүм чыгарылып, бейкүнөө же күнөөсү толугу менен далилденбей, соттолгондор атылып кеткен 7 учурду талдоого алган. Албетте, ежовдук-сталиндик-бериялык доордо мындай ордуна келтирилгис трагедиялардын 7 эле эмес, 700 миңден кем болбогондугу соңку тарыхта маалым.

Китепте аталган багыттагы мисалдар менен бир катарда актуалдуу, коомчулукту дайыма жана терең ойго салган өлүм жазасынын бири 1974-жылдын 31-майында Ысык-Көл облустук сотунун Р. М. Шаймухамедовго карата мүлкүн конфискациялоо менен чыгарган эң жогорку жаза чарасы (төрагалык кылуучу Насыров, элдик заседателдер (коомчулуктун өкүлдөрү) Исаев, Ташбаев, прокурор Эсенбеков) баяндалган… Бул жерде дагы бир өкүнүчтүү нерсе — ​аталган китепти окуган киши соттор деле киши го, кимдер гана адашпайт, бир учур болсо болгондур деген пикирге келиши да мүмкүн. Анткен менен мамлекет соттордун мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында кишинин жанын кыйып жатпайбы!.. Бул учур бир эле окуя болсо кана… Бул багытта сот статистикасынын жоктугу өкүнүчтүү — ​дүйнөлүк коомчулук жакасын карманмак…

Көрсө, мындай шумдуктуу нерсе, турмуш чындыгы ырастагандай, Кыргызстанда орун алган жогорудагыдай өлүмгө буюрган трагедиялуу жаңылыш өкүм Бакай-Ата райондук соту тарабынан 2001-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 97-беренесинин 2-б. 1-,6-,15-п. негизинде Таластын Өзгөрүш айлында туулуп-өскөн, 31 жашында ак жерден күйгөн Жаныбек Абдышевге жана анын агасы 33 жаштагы Кадырбекке карата да чыгарылган тура. Бактыга жараша, арадан көп убакыт өтпөй өлүм жазасына каршы жарыяланган мараторий аларды ажалдан сактап, жаза чарасы өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырылган экен.

Бир туугандар Кадырбек жана Жаныбек Абдышевдердин, 13 жылдан 20 жылга чейин мыйзамсыз кесилген алардын “шериктеринин” тагдыры ойлонтпой койбойт. Учурда Жаныбек Абдышев Беловодскийдеги 16-түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жатканына ушул апрелде 20 жыл болот. Ошентип, ал кездеги өлүм жазасына карата киргизилген убактылуу мораторий бул эки бир тууганды атуудан сактап калган. Бирок, тагдырдын жазмышы дегендей, 2008-жылы түрмөдө чыккан бунтту басууда агасы Кадырбек Абдышев спецназ тарабынан өлтүрүлгөн.

Жогорудагы кылмыш иши боюнча Кара-Буура РИИБүнүн тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлүп, чийкилигине байланыштуу райондук сот тарабынан кайра тергөөгө кайтарылган. Кайра тергөө Талас облустук ИИБынын тергөө бөлүмүнө тапшырылгандыктан, анын өлтүрүлгөн Ремболордун апасынын жакын тууганы, ага тергөөчү Качкыналиевге тапшырылгандыгы тергөөнүн жана андан аркы соттук 3 инстанциядагы териштирүүлөрдүн погун чыгарган. Бул жерде дагы бир айтып кете турган нерсе — ​соттолуучулардын 2 адвокаты тергөө органдары тарабынан кысымга жана куугунтукка алынып, алар коргоо иштеринен баш тартууга мажбур болушкан. Соттолгон Бакболот Мураталиевдин айтуусуна караганда, мындан улам, жалаага кабылгандардын кийинки адвокаттары активдүү коргоону уюштуруунун ордуна формалдуу гана позицияны карманып, ”хоп” деп туруп берүүгө мажбур болушкан.

Соттолгон Ж. Абдышевдин туугандарынын кайрылуусунан улам жүргүзүлгөн адвокаттык-журналисттик иликтөөнүн натыйжасы бизге анын мыйзамсыз эркинен ажыратылгандыгын, дегеле кош өлтүрүүгө байланышкан сот өкүмдөрүнүн теңирден тескери чыгарылгандыгын ырастап отурат.

Мындан 20 жыл мурда орун алган кош өлтүрүүнүн жападан жалгыз “күбөсү”, 70 жаштагы Анекеев Сарин 2-февраль күнү өз уулу, 35 жаштагы Махмуттун жана көптөгөн туугандарынын, жердештеринин көзүнчө төмөнкүлөрдү айтып берди:

— Мен ошол учурда 50 жашта элем. Азыр эстесем: көп ичип, шайтаным кутуртуп, териме батпай семирип, көөп турган кезим экен, ха-ха-ха… Окуяны өз көзүм менен көргөм. Милиция мени кармап алып, коркутуп, тергөөчү Качкыналиев өлтүрүлгөн Темир жана Талант Меңдибаевдердин атасы Сатканкул менен биргеликте түрдүү айла-амалдарга салып, арак, акча, тамак-аш берип, мени эч ким менен сүйлөштүрө койбой, такай кайтарууга алып, айыпталып жаткандарга каршы жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлашкан. Алар мага соттун аягына чейин ушул сөзүңдөн танбай турсаң, дагы 10 миң сом беребиз дешкен. Мен жазганды, окуганды билбегендигимен, тергөөчүнүн жазгандары боюнча өзүм түшүнбөгөн протоколдорго көп жолу кол коюп, үйрөткөн сөздөрүн үзбөй айтып турдум. Райондук соттон Жогорку Сотко чейин мен жалган көрсөтмөлөрүмдөн танган жокмун. Акыр аягында, иш бүтүп, алар мага убада кылынган акчаны бербей койгондо, мен ызама чыдабай, Сатканкулдун 50 сотых үлүш токоюн өрттөп жибергем. Качкыналиевди болсо таппай калдым… Эл билет. Тергөөдөгү, соттогу айткандарым бүтүндөй калп болчу. О, кудай, кечире гөр…

Сарин ава бизге жогорудагы сөздөрүн ушул жылдын 2-февралында айылдаштары Сүйүтбек, Абдужалил, Нурила, Калемкаш, Сооронкул, Темиркан, Алымкул, Самат дегендердин жана өз уулу Махмуттун көзүнчө айтып берди.

Меңдибаев Расул Темирович, 36 жашта. Ошол каргашада өлтүрүлгөн Темир-Рембонун уулу:

— Атам Темирди жана Талант акемди эч качан Жаныбек Абдышев өлтүрбөгөндүгүнө ишенем. Мен анда 13 жашта элем. Окуяны өз көзүм менен көргөм. Жаныбек Абдышев келип, мушташкандарды арачылап жатканда, чоң атам Сатканкул элдин үстүнө ат салдырып жиберген. Жаныбек Абдышев эч кимди сабаган эмес. Тескерисинче, арачылап, агасы Кадырбекти алып кеткен. Сатканкул чоң атам жалганчы күбө Сарин Анекеевди алдап, убада кылган 10 миң сомдун бербей койгондо, ал киши чоң атамдын токоюн өрттөп жибергендигин эл билет. Өзү да айтып эле жүрөт.

Чоң атам үйүнө эки уулунун үстүнөн арызданып келгендерге оройлук кылбай, калыс сөзүн айтканда, Талант акем үйдөн чыга калып, элди ашата сөгүп, чатакты баштабаганда соттолгондор жана биз, Меңдибаевдер, мындай чоң кайгыга батмак эмеспиз…

Манас Табалдиев, “Миң-Булак” айыл өкмөтүнүн мурдакы башчысы:

— Жогоруда аттары аталган Темир жана Талант Меңдибаевдер 1998-жылы мен айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганымда, 1-май күнү Таластагы, Тараздагы негизинен кавказдыктардан түзүлгөн ОПГ өкүлдөрүнөн турган топ менен келип, менден тез арада кабинетти бошотуп, кызматтан кетүүмдү талап кылышып, мага убакыт беришти. Жарым сааттан кийин кайра келишип, мени бети-башымды жарып, эсимди оодара сабап кетишти. Прокуратурага арыз жазсам, прокурор Рэмбодон коркуп, арызыңды ал деп, кылмышкерлердин тарабын талашты. Кара-Бууранын милициясы менен прокурору Меңдибаевдерге чара көрүү мындай турсун, алардын көзүн караганга даай алышчу эмес…

Жогорудагы Өзгөрүш айлындагы кош өлтүрүү боюнча 72 жаштагы жергиликтүү Медетбеков Сүйүтбек аксакал мындай дейт:

— Темир жана Талант Меңдибаевдер жолунан чыкканды койдой сабап гана тим болбостон, бирөөнүн малын, дүкөнүнөн товарын, астындагы машинасын, атүгүл, башка бирөөнүн аялын тартып кеткен учурлар да болгон. Бул тууралуу айыл аксакалдары баш болуп алардын атасы Сатканкулга көп жолу кайрылганыбызда, ал: “балдарыма күчүм жетпей калды… колдон келсе атып салгыла” деп, кенебестикке салып жооп берген. Балдарына болушкан учурлары көп болгон.

Сооронкул Мураталиев, 66 жашта, Өзгөрүш айлынын тургуну:

— Өлтүрүлгөн ага-ини Меңдибаевдер да, өмүр бою эркинен ажыратылып, 20 жылдан бери түрмөдө отурган Жаныбек да, баарыбыз түпкүлүгү бир атадан тараган Саруунун балдарыбыз. Эч кимге тарткым келбейт. Калыстык үчүн айта турган нерсе — ​Рембо атыккан улуусу Темир менен иниси Таланттын табаары ажал болчу. Себеби, алар киши куруп калгансып, өз атасы Сатканкулду да далай жолу сабашкан. Сатканкул болсо өз кезегинде атасы Меңдибайды көп жолу сабагандыгын улуу муун жакшы билет…

Күбө Курманбеков Мирлан, 44 жашта. Ага-ини Мендибаевдерди өлтүрүүдө айыпталып, 13 жылга кесилип келген:

— Ошондо биз, 20 киши, жалган жалаанын негизинде мыйзамсыз кесилип кеткенбиз. Сот ошол дүңгүрөгөн кылмыштын жалгыз күбөсү Анекеев Сариндин теңирден тескери көрсөтмөсүнүн негизинде мыйзамсыз өкүм чыгаргандыгын элдин баары билет. Ошол окуядан 4 жыл мурда Бакайыр айлында Турдалы деген эл куруткан өнөкөт кылмышкерди жердештери талга байлап, ташбараңга алып өлтүрүшкөндө, тергөөдө күбө табылбай, эч ким камалган эмес. Ошондуктан, бир туугандар Темир-Рембо менен Талант өлтүрүлгөндө да, элдин ичинен кимдир-бирөө баарыбыз өлтүрдүк десек, эч ким камалбай калат деген сөз тараткан. Буга ишенген айылдыктар баарыбыз өлтүргөнбүз: мен чаптым эле, мен тептим эле дей коюшуп, 100дөн ашуун өзгөрүштүктөр тергөөгө кириптер кылынып, алардын 20сы ак жерден күйүп отурбайбы… Иш жүзүндө Темир менен Талантты Жаныбек Абдышевдин мурда 2 жолу соттолуп келген агасы Кадырбек өзү эле өлтүргөн болчу. Бирөөсү ошол жерде, экинчиси ооруканага бараткан жолдо каза болушкан.

Муратбек Токтоналиев, милициянын отставкадагы майору:

— Мен ошол учурду жакшы эстейм. Ага-ини Меңдибаевдерден милициялар гана эмес, прокурорлор да коркушчу. Алар мурда түрдүү оор кылмыштары үчүн көп жолу отуруп чыгышкан… Жаныбек Абдышевди да жакшы таанычумун. Агасы Кадырбектен кескин айырмаланып, боорукер, кичипейил, түз жүргөн жигит эле. Кырсык басып, крайний болуп, мыйзамсыз кесилип кетти. Бул жерде укук коргоо органдарынын күнөөсү өтө чоң…

Бакыт Молдобеков, 54 жашта, Өзгөрүш айылынын тургуну:

— Жаныбек Абдышев менен Чернобыль апаатында чогуу кызмат кылып, ал ден соолугу бузулуп, оор операцияны баштан өткөргөн. Кылмыш болгон кезде ал да элдин арасында болгон. Бирок, мен аны жакшы билгендигимен, анын киши өлтүрүүгө катышкандыгына ишенбейм. Ал мурда соттолуп келген ыраматылык Кадырбектин бир тууганы болгондугу үчүн эле ак жеринен кесилип кеткен…

Күбө Мукаш Сарыгулов, 67 жашта, Өзгөрүш айылынын тургуну:

— Өлтүрүлгөн Темир, Талант Меңдибаевдер менин тайкелерим болот. Алар убагында Өзгөрүш, Орловка айылдарынын элин талап-тоноп, эзип жиберишкен. Алардын өлүмүндө атасы Сатканкул тайкемдин да күнөөсү бар. Жагып калган кыз-келиндерди да баса калып жүрүшкөн. Убагында Темир мени чакырып алып: жээн болуп туруп, эмне үчүн биздин топко кошулбайсың деп, баш-көзүмдү жарып сабаган… Майор, тергөөчү Качкыналиев Анекеев Сарин деген алкашты жалган күбө болууга мажбурлаган. Көзү тирүү. Айтып эле жүрөт Натыйжада 20 азаматыбыз ак жерден камалганы аз келгенсип, Кадырбек Абдышев менен Бакыт Бакеев түрмөдө өлтүрүлгөн.

Бакболот Мураталиев, жогорудагы окуя боюнча 20 жылга соттолгон:

— Жашырганда не, иш жүзүндө Темир менен Талантты Кадырбек Абдышев өлтүргөн. Ал балбан, улакчы, кыйын мушташкан жигит эле. Ошол 12-январь күнү агасы Кадырбекти “согуш талаасынан” Жаныбек алып чыгып кеткен. Баарыбыз муну өз көзүбүз менен көргөнбүз… 1995-жылы Кара-Буура районунун Бакайыр айлында эл бир жер куруткан немени таш бараңга алып өлтүрүп, айыл эли бир добуштан биз өлтүрдүк деп чыкканда, күбө табылбай, укук коргоо органдары эчтеке кылалбай калгандыктан, муну билген Өзгөрүштүн эли да четинен мына мен өлтүрдүм деп чыга калып, баш-аягы 101 киши бул оор кылмышка шектелип кармалып, алардын 82си тергөө учурунда пара менен кутулуп, 19убуз кесилип кеткенбиз.

Подполковник Руслан Асылбеков, ИИМ жана ЖАМК ардагери:

— Бир тууган Ремболордун, анын кесепетинен Кадырбек Абдышев менен Бакыт Бакеевдин түрмөдө өлтүрүлүшүнө, көптөгөн күнөөсүз адамдардын камалышына эң биринчи кезекте, милиция, прокуратура органдары жана соттор күнөөлүү деп эсептейм. Себеби, укук коргоо органдары башынан эле профилактикалык чараларды көрүүгө тийиш эле. Неге дегенде, ага чейин көп жолу соттолуп келген бир тууган Меңдибаевдер Талас, Жамбул аймактарында уюшкан кылмыштуулуктун лидерлеринен болгон. Булардын жашоо мүнөзү боюнча эч качан оперативдүү байкоо болгон эмес. Баары коркушкан. РОВДынын начальниги кылмышкерлерден корксо, ойлоп көргүлөчү… Ошондуктан, эл арыздануу пайдасыз деген пикирде болуп келген. Атүгүл алар жашаган көчөгө участковый, светтин акчасын алууга электриктер кире алышкан эмес. Кээде Бишкек — ​Фрунзе каттамындагы автобустардын шоопурлары чоң жолдон чыгып, Ремболор жашаган көчөдөгү алардын үйүнө чейин айдап барууга мажбур болушкан… Убагында мен милицияда иштеген кезимде, Меңдибаевдерди кармап, ИВСке да отургузгам… Сот Кадырбек, Жаныбек Абдышевдерди өлүм жазасына өкүм кылды. Алардын иниси Медербек кылбаган кылмышынан чочулап, Россияга качып кетип, 15 жылдан кийип Кыргызстанга келгенде Манас аэропортунан кармалып, жок күнөөсү үчүн 16 жылга кесилип, учурда 8-түрмөдө жатат.

Мындан тышкары Бакберди Бакеев 16 жылга, Бактыгул Бакеев 17 жылга, Мирлан Курманбеков 17 жылга, Талант жана Жеңишбек Качкынбаевдер 18 жылга кесилишкен. Булардын баары өлтүрүлгөн Меңдибаевдердин тайкеси, милициянын майору, тергөөчү Качкыналиевдин чектен чыккан мыйзамсыз аракеттеринин айынан ишке ашкан.

… Жогорудагы киши баласы ишенбеген тиришумдуктан улам, биз, адвокаттар тобу, Жаныбек Абдышев түбөлүк жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 16-колонияга барып, аны менен жолугуштук. Жаныбек менен көрүшкөнгө чейин биз аны чындап эле түрү суук, канкор кебетесиндеги бир неме го деп элестеткенбиз. Түрмө кызматкерлери жолугушуу бөлмөсүнө бети нурдуу, акжуумал, кылмышкерге таптакыр окшобогон интеллигент жүздүү жигитти — ​53 жаштагы Жаныбек Абдышевди алып келишти. Бир топко сүйлөштүк. Ал бизге жай калыбында көп жыл мурда эмне болгондугун, бул жерде 20 жылдан бери күнөөсүз отургандыгын, өлүмгө өкүм чыгар замат 1 кызы бар экендигине карабастан, болоору болду, мени күтпө деп, аялынын талагын берип, башын бошоткондугун, өткөн жылдар аралыгында көп жолу актанууга натыйжасыз аракет кылгандыгын, учурда кызы Нургиза 2 уулдуу болуп, Россиянын шаарларынын биринде күйөөсү менен жашап, иштеп жаткандыгын айтып берди. Акырында ал бул жерде мени беш убак намаз жана спорт сактап келүүдө деп айтты, биздин каректерибизден айтылбаган суроону окугансып.

Бир жарым айга созулган адвокаттык жана журналисттик иликтөөлөр аяктап, материал басууга даяр болуп калган кезде редакциябызга бир жигит баш бакты.

— Мен 1999-жылдын 12-январында Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айлында өлтүрүлгөн Меңдибаев Таланттын уулу Эрлан деген боломун, — ​деди ал, орун алган соң, өзүн тааныштырып. — ​Окуя болгон кезде мен 9 жашта элем жана ал учурду эстей алам. Кайгылуу окуя тууралуу апам да көп жолу айтып берген. Албетте, өткөн өттү, кеткен кетти дегендей, эч нерсе артка кайрылып келбейт деңизчи. Өз убагында атам Талант агасы Темир менен бирдикте мыйзамга терс мамиледе болушкандыгын, алардын өлтүрүлүшүнө байланыштуу камалгандардын дээрлик баары ак жерден күйгөндүгүн да түшүнүп отурам. Мен муну 20 жылдан бери дээрлик күн сайын ойлоймун. Канчалаган күбөлөр менен сүйлөшпөдүм дейсиң. Көп жылдардан бери ойлонуп жүрүп, атам менен анын агасын айыл эли эмес, элдин көзүнчө балбан, улакчы, мурда 2 жолу соттолуп келген Абдышев Кадырбек өлтүргөндүгүнө ишендим. Окуяны өз көздөрү менен көрүшкөн жердештеримден көп жолу уктум. Муну ошол кездерде тергөөдө жана сотто далай ирет жалган көрсөтмөлөрдү берүүгө мажбур болгон жердешибиз Сарин Анекеев аксакал да ырастап отурат. Аксакал азыр тирүү… Ошондуктан, арадан көп мезгилдин өтүшү менен апам Зулфия Мурзахметова, иним Тынчтык, карындашым Райгүл менен чогуу өткөн трагедиялуу окуяны көп жолу, кайра-кайра талкуулап отуруп, Кадырбек Абдышевден башкасынын күнөөсүз жерден, алдануунун жана жалаанын курмандыгы болушкандыгын түшүндүк. Анын ичинде түрмөдө түбөлүк жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Жаныбек Абдышевдин күнөөсүз отургандыгына да ишендик. Ырасын айтканда, биздин аларга дообуз жок. Жараткан кечиримдүүлүктү сүйөт деген…

Номанжан АРКАБАЕВ,

адвокат, журналист

РЕДАКЦИЯДАН: Жогорудагы трагедиянын жүз беришинде союз ыдырап, мамлекет талоонго учурап, өлкө башкаруусуз калган кезде, доңуз дөбөгө чыгып дегендей, эртеңки күндү башкалардан мурда түшүнгөн басмачылар СССРден калган мүлктү ээлеп алышып, укук коргоо органдарынын милдетин кылмышкерлер аткарып калган кезде жогорудагыдай окуянын орун алышы мыйзам ченемдүү нерсе болгондугу талашсыз эле. Аталган трагедияга укуктук аң-сезими дүрбөлөңгө берилген айыл калкынын гана эмес, биринчи кезекте, укук коргоо, сот органдарынын күнөөсү чоң болгон. Неге дегенде, ондогон жылдардын аралыгында орноп, бекемделген система кыйрап, ажыдаар кейптенген капитализм өз жолундагы нерсенин баарын чайнабай жутуп, оп тартып келаткан ошол шарттарда мамлекеттик күч катмарлары колдоосуз калып, убагында алдын ала тийиштүү чара көрүүдөн коркушкан жана көптөгөн жогорудагыдай шумдуктардын бири 1999-жылдын 12-январында ырайымсыздык менен бир туугандар Темир жана Талант Меңдибаевдердин өмүрүн алып кеткен. Андан бери 20 жыл өтүп, мезгил баарын дарылайт, өз ордуна коёт дегендей, бир кезде көздөрүнөн кан чачырап кайгырып, жабыр тарткан тарап — ​бир тууган Мендибаевдердин жакындарынын жогорудагыдай түшүнгөн чечимге келип отурушу бир чети таңкалаарлык болгону менен, экинчи жагынан мыйзам ченемдүү нерсе. Учурунда Бакай-Ата райондук, Талас облустук соттору жана Жогорку Сот жогорудагы мыйзамсыз өкүмдү чыгараарда бир жактуулукка, мыйзамсыздыкка жол коюшуп, көпчүлүктүн тагдырына аёосуз балта чабышкандыгы талашсыз. Ошентсе да мындан 20 жыл мурда жол коюлган мыйзамсыздыктын акыркы кесепетин болсо да, четтетүүгө али да кеч эмес деп эсептейбиз.

Калк айтса, калп айтпайт дегендей, Жаныбек Абдышевди көпчүлүк өзгөрүштүк айылдаштары гана эмес, бир кезде өлтүрүлгөн Ремболордун — ​Мендибаевдердин туугандары да туура түшүнүп отургандыгы көңүл жубатат. Журналисттик-адвокаттык иликтөөнүн жүрүшүндө кыштын кыраан суугуна карабастан, биз Өзгөрүш, Орловка айылдарында, Талас шаарында 2 жолу болуп, жогоруда баяндалган трагедиянын 60тай күбөсү менен жолугушуп, баарлаштык. Алардын бүтүндөй баары Жаныбек Абдышевдин жогорудагы кош өлтүрүүгө эч кандай тиешеси жоктугун, андай жамандыкка баралбас мүнөзүн белгилешти.

Материал басууга даяр болуп калган сааттарда каарманыбыз жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 16-түрмөнүн начальниги, ички кызматтын полковниги А. Жумаев, анын орун басарлары кол койгон, ак жерден күйүп, 20 жылдан бери азаптын зынданында тумчугуп келаткан Жаныбек Абдышевге берилген оң маанидеги мүнөздөмө колубузга тийди. Пикирибиздин бир жерден чыккандыгына кубандык…

Мыйзамда жогорудагы өзгөчө оор кылмыш боюнча тергөө же соттук териштирүү учурунда эске алынбаган же кийинчерээк пайда болгон олуттуу маалыматтардын табылышы жаңы жагдай катары саналат жана канча мезгил өтпөсүн, кылмыш ишин кайра кароого негиз боло алат. Биз, адвокаттар, жакынкы мезгилде, жогоруда баяндалгандарга негиздеп, Жаныбек Абдышевге карата мындан 20 жыл мурда укук коргоо жана сот органдары тарабынан жол коюлган мыйзамсыздыкты — ​өкүмзордукту жокко чыгаруу үчүн сотко даттануу арызы менен кайрылмакчыбыз.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: