Кечээ, 25-мартта Москва шаарында таажывирус илдетине чалдыккан эки адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн таажывирус боюнча ыкчам штабы маалымдады.
Маалыматка ылайык, көз жумгандарын бири 88 жашта, экинчиси 73 жаштагы улгайган адамдар болгон. Алар пневмония менен ооруп жатышкан. Ал эми алар буга чейин таажывирус илдетин жуктуруп алышкан.
Азыркы учурда Орусияда таажывирус илдети 658 адамдан табылган, ал эми айыккандардын саны 29 адамды түзөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ