Menu

АКШ сенаторлору Нур-Султанды түрмөдөгү активисттерди бошотууга чакырышты

Бөлүшүү:

АКШ Конгрессинин 12 сенатору Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кат жазып, “сөз эркиндиги менен тынч жыйын өткөрүү укугунан пайдалангандыгы үчүн” соттолгон активисттер менен укук коргоочуларды тезинен түрмөдөн бошотууну сурады.

Сенаторлордун катында активисттер Макс Бокаев менен Асет Абишевдин ысымы да аталган.

“Адамдар тынч жыйынга чогулуу, топторго биригүү, ой-пикирин билдирүү укугун пайдаланганы үчүн эч качан соттолбоого тийиш. Биз сизди ушундай мыйзамдуу аракеттери үчүн соттолгон жарандарыңызды бошотууга чакырабыз” деп жазылган катта.

Каттын авторлору аталган жарандар COVID-19 пандемиясына байланыштуу түрмөдөн дароо чыгышы керек деп эсептешет. Алардын айтымында, колонияда вирус жуктуруп алуу ыктымалдуулугу жогору.

2016-жылы 46 жаштагы Макс Бокаев жер реформасына байланыштуу митингге чыкканы үчүн беш жылга эркинен ажыратылган. Ал кастык козутуу, жалган маалымат таратуу жана митинг өткөрүү эрежелерин бузууга айыпталган.

42 жаштагы Асет Абишев 2018-жылы “Тыюу салынган уюмдун ишине катышуу” айыбы менен төрт жылга соттолгон. Активисттин тарапташтары ал чет өлкөдө жашаган мурдагы банкир, казак бийлигин сындап жүргөн Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдогону үчүн куугунтукталууда деп эсептешет. Казакстанда бул кыймыл экстремисттик уюм деп табылган.

Казакстандык укук коргоочулар Абишев менен Бокаевди саясий туткундардын тизмесине киргизген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: