Menu

Видео – Байсалов: Кыргыз-казак маселесин жаны шайланган президент гана чечиш керек

Бөлүшүү:

Шайлоо өттү. Биздин президентибиз Сооронбай Жээнбеков. Азыркы эң чоң жалпы улуттук маселе – бул Казакстан менен тирешүү. Казак жетекчилиги күндөн күнгө санкцияларды күчөтүп жатат. Эскалация кылууга алардын колунда 100 карта болсо, бизде 1 эле картабыз бар – Кировка суу сактагычын ачып, Тараз шаарын каптатып салабыз, каптатпасак дагы, азыр сууну төгүп, жазында суу бере албайбыз силерге деп коркутуу. Бул жоопкерсиздик! Өтө туура эмес кадам.

Менин оюмча, инаугурациясын күтпөстөн, шайланган президент Жээнбеков Астанага барып сакалдуу кишинин алдынан өтүп коюшу керек. Бүгүн Казактын Тышкы иштер министрлиги: “шайланган жаңы жетекчинин шайлоо күнү айткан сөзүн уктук, ал “коңшулар менен урмат негизинде иш алып барам” дегени бизди үмүт эттирет” деп билдирүү таратышты. Бул Астанадан Жээнбековго сигнал: “Сиз менен сүйлөшүүгө даярбыз. Сизге каршы эч кандай дооматыбыз жок” дегендери. ЕАЭСке арыздангандан эч майнап чыкпайт. Москва же башка бирөө бул маселени чечип бербейт. Жалгыз эле жол Жээнбеков учуп барып, айтчу сөздү айтып: “казак-кыргыз бир тууган, мамилени жаңы барактан баштайлы” деши керек. Ал жок дегенде проблеманын күчөтпөй, диалогту түзгөнгө жол ачат. Ооба, казак жетекчилиги ушунчалык жеке Атамбаевге ачууланып турат, чек араны ал кетмейинче ачпайт.

Бирок азыркы суроо бул андан огобешбетер санкцияларды киргизбөөдө, эскалацияны токтотуп, күчөтпөшүбүз керек! Анткени алар бүгүн көмүр чыгарбайбыз дешсе, бир жумадан кийин “буудай өзүбүздө дефицит болуп калды” дештери мүмкүн. Анан “бензинди силер тажиктерге реэкспорт кылып сатып атасыңар мыйзамсыз” деп, пошлина киргизе алышат. Жана башка ушул сыяктуу кадамдардан аларда бизден жүз эсе көп. Эсибиз барда, эртерээк кетирилген катачылыкты оңдойлу, туугандар! Бул жерде кеп намыста эмес! Таарынган тууганды сооротуп, көңүлүн алып койсок – бизден кемип калбайт. Көрөгөчтүктү, жоопкерчиликти көрсөтөлү! Шайланган жаңы жетекчибизди Астанага жолдойлу!

https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/1673350689394046/

Материал взят с аккаунта Эдиля Байсалова

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: