Ушул күндөрү КСДПнын борбордук штабында активдүү партия мүчөлөрүнүн дараметтери менен шайлоодогу кылган-эткен аракеттерине баа берүү сөз болууда. Өзгөчө Чүй облусу боюнча жооптуу активисттер жогору жакка ичи чыкпай жатышы эмнени билдирет? Маселен, Сокулук району боюнча бийлик талапкеринин өкүлү болгон депутат Элвира Сурабалдиева шайлоодо өзү жоопкерчиликти алган штабга анчейин көз кырын салбай, тымызын түрдө Өмүрбек Бабановдун тарапташтары менен жең ичинен сүйлөшүүгө барганы ачыкталабы? Билесиңер да, Сокулуктан Өмүрбек Бабанов алдыга озуп, экинчиликти Сооронбай Жээнбеков багындырса, кичи мекенинен Темир Сариев үчүнчүгө араң илингенге жарады. Бизнестен келип, жаштайынан эки жээк менен ымала кылган депутат айымдын мындай кадамдары тууралуу күбүр-шыбырлар КСДПнын борбордук штабынан чыгып жатканы кандай? Атамбаев шайлоодон кийин партиясынын катарын тазалай турганын эске салсак, Элвира алгачкылардан болуп тизмеден чийилип калбайбы?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ