Кыргызстанда “Йакын Инкар” аттуу диний агымынын 300дөй өкүлү Ички иштер министрлигинде катталуу. Бул тууралуу 18-декабрда ИИМдин экстремизмге каршы туруу жана мыйзамсыз миграция боюнча кызмат башкармалыгынын башчысы Асылбек Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, бул кыймыл өлкөдөгү жаш агымдардын бири. Аны тандагандар цивилизациянын жыргалчылыгынан баш тартышат.
“Ата-энелери балдарын мектепке кое бербейт, чөнтөк телефон карматпайт, телевизор көрсөтпөйт, ийне сайдырышпайт, дары ичиришпейт. Сырткы кебетелери да башкача, чачтары узун кылып кое беришет. Милиция кызматкерлери жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, билим берүү министрлиги менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө”, -деди Асылбек Мамбетов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ