Бүгүн, 16-октябрга карата Кыргызстанда дагы 431 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 70, Ош шаарынан – 44, Чүй облусунан – 34, Ош облусунан – 147, Талас облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 15, Жалал-Абад облусунан – 65, Баткен облусунан – 52 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 51020га жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 208 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 45 080ге жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 32 адам; Чүй облусунан – 20, Ош шаарынан – 14, Ош облусунан – 45, Жалал-Абад облусунан – 58, Баткен облусунан – 32, Ысык-Көл облусунан – 6.
Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жаңы 4 учуру: Ош облусунан – 2, Баткен облусунан – 2 катталды. Жалпысынан каза болгондордун саны 1103кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ