Menu

Камбарата ГЭСинин 2-агрегатына 110 млн доллар көлөмүндө инвестициялык каражат тартылууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү» долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү банкынын каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндөгү макулдашууну жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Биринчи жана экинчи гидроагрегаттар менен бир эле убакта электрэнергиясын иштеп чыгаруу Токтогул суу сактагычынан кыш мезгилинде – 1,4 млрд м3га чейин сууну кое берүүгө жана иштелип чыга турган энергиянын көлөмүн 1,019 млрд кВтс чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, мунун ичинен жаз-жай мезгилинде – 0,864 млрд кВтс чейин, күз-кыш мезгилинде – 0,155 млрд кВтс чейин.

Жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Евразия өнүктүрүү банкы төмөнкү шарттарда (негизги) 110 млн АКШ долларын бөлөт:

– насыянын жалпы көлөмү – 110 млн доллар;

– төлөө мезгили – 20 жыл;

– жеңилдетилген мезгил – 5 жыл;

– пайыздык чени – 1 пайыз.

Белгилей кетсек, Камбарата ГЭС-2 жалпы долбоордук кубаттуулугу 360 МВт (120 МВтдан 2 агрегат). Камбарата ГЭС-2де кубаттуулугу120 МВт болгон 1-агрегат 2010-жылы ишке киргизилген. Ал эми 2010-жылы Камбарата ГЭС-2нин биринчи агрегаты электр жүктөмүнө кошулган. Камбарата ГЭС-2де иштелип чыккан электрэнергиясы 110 кВ тийиштүү электр тармактары аркылуу КР энергосистемасына энергия берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: