Menu

Атамбаев Премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушту

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Президент менен Премьер-министр  кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жана  чоң  жүктөрдү ташуучу транспорттук  каражаттар көп топтолуп жаткандыгы байкалган коңшу өлкөнүн көзөмөлдөп өткөрүүчү пунктунда  түзүлгөн кырдаалдын натыйжасында чыгым тартып жаткан товар өндүрүүчүлөргө, жүк ташуучуларга жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.

Мындан тышкары  Мамлекет башчысына  экономика тармактарын, социалдык обьектилерди жана калкты  күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин комплекси,  жылытуу мезгилинде өлкөнүн энергетикалык тармагы туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн негизги энергетикалык обьектилерде ремонттук иштерди жүргүзүү боюнча маалымат берилди.

Мамлекет башчысы Премьер-министрдин  көңүлүн   көмүрдүн баасына байланыштуу маселеге буруп, Өкмөт  керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгы үчүн көмүргө бааларды жөнгө салуу механизмдерин тыкыр иштеп чыгууну камсыз кылууга тийиш экендигин белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев  калкты жылытуу  мезгилинде  электр энергиясы жана жылуулук менен туруктуу жана  үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүү керектигин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: