Menu

Канат Хасанов: “Үйгө кирген белгисиз адамдар Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча документтерди алып кетиптир”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-ноябрда камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов түндө үйүнө кирген адамдар эмнелерди алып чыгып кеткенин SUPER.KG маалымат агенттигине айтып берди.

“Биз экинчи кабатта уктап жатканбыз. Уурулар биринчи кабаттан терезе аркылуу киришкен. Биз алардын добуштарын угуп ойгонгон кезде алар качып чыгып кетишти. Үйдө белекке келген түркиядан чыгарылган кадимки тапанчанын үлгүсүндөгү сувенир октору менен менен бар болчу ал жок. 20-ноябрда Өмүрбек Текебаевдин соту болмок. Ал боюнча иштин материалдары жок. Өкүм, айыптоолордон турган иштин материалдары бар эле. Мага абдан таң калычтуу болуп жатат. Эгер адамдар уурулукка кирсе, бул жерде телевизор жана башка керектүү буюмдарды алмак. Текебаевдин ишинин материалдарын алып чыгып кетиши түрдүү күмөндөрдү жаратууда”, – деген Хасанов агенттикке билдирген маалыматында.

Эске салсак, бүгүн, 7-ноябрда Канат Хасанов анын үйүнө белгисиз адамдар киргенин айтып чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: